Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин Президиумунун онлайн режиминдеги отуруму- профсоюз ишмердүлүгүүнүн жаңы багытын аныктап берди.

Борбордук Комитеттин Президиумунун

онлайн режиминдеги отуруму- профсоюз ишмердүлүгүүнүн

жаңы багытын аныктап берди.

 

     Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо” жылынын иш-чараларын ишке ашырып, Президиум отурумун 2020-жылдын 4-июнунда онлайн режиминде өткөрдү.

     Президиумда азыркы күндүн актуалдуу маселелери каралды. Өзгөчө кырдаал абалында профсоюздук лидерлер тарабынан жүргүзүлгөн иштерге анализ берилип, алдындагы милдеттер аныкталды. Алдында аткарыла турган иш-чаралардын Жоболору кабыл алынды. “Жайкы эс алуу-2020” өнөктүгүн өткөрүү боюнча анык көрсөтмөлөр берилди. Райшаарлардын отчеттук кайра -шайлоо конференцияларынын өткөрүүнүн мөөнөттөрү узартылды. Каралган маселелер боюнча тийиштуу токтомдор кабыл алынды.

     Президиум өтүруму ыхчам, мазмундуу, президиум мүчөлөрүнүн активдүү катышуусу менен өттү. Президиум отүрүмүн Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогулович алып барды жана жыйынтыктады.

     Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, обкомдун жооптуу кызматкерлери, райшааркомдун өкүлдөрү онлайн режиминдеги президиум отурумуна катышып, тийиштүү маалыматтарды жана алдында аткарылуучу милдеттерди алышты. Борбордук Комитеттин Президиумунун онлайн режиминдеги отуруму- профсоюз ишмердүлүгүүнүн жаңы багытын аныктап берди.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору-А.Айдаров