Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук комитеттин президиуму жаңы багыттарды белгиледи

2022-жылдын 18-апрелинде Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин Президиуму онлайн форматта өткөрүлдү.

Онлайн президиумга БКнын президиумунун мүчөсү, Жалал-Абад областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов жана аппараттын жооптуу кызматкерлери катышты. 

Президиумдун күн тартибинде 6 маселе каралды. Президимда “Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну уюштуруу боюнча кесиптик бирликтин мыкты райондук, шаардык комитети, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын жобосун бекитүү менен кесиптик бирликтердин лидерлерин окуутуу жана даярдоо багытында жаңы багытты белгиледи.

Кароо-сынак 1-жолу уюштуруп жаткандыктан кесиптик бирликтердин ушул багыттагы иштерин жыйынтыктоо жана баалоого мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул багыттагы кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана жогорку денгээлге көтөрүүгө өбөлгө болот.

Президиум кеңешмесынде КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамынын жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн алкагында аткарылган иш-аракеттери” маалыматында республикада өнөктөштөр менен аткарылган иштердин жыйынтыктары чыгарылып, алдындагы милдеттерди белгилеп берди.

Областтык комитет БКнын президиумунун токтомдорун ишке ашыруу багытында иш аракеттерды баштады.

 

Маалыматты  даярдаган: Областтык КБКнын инспектору А.Айдаров