Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин иш-чарасы Тогуз-Торо районунда улантылды.

Борбордук Комитеттин иш-чарасы Тогуз-Торо районунда улантылды.

2020-жылдын 29-30-июну күндөрү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети “Кесиптештерге жардам” акциясын жана санариптештируу жылындагы иш-чарасын Тогуз-Торо районунда өткөрдү.

Иш-чарага обкомдун төрагасы А.А.Исмаилов, жооптуу кызматкери З.Сулайманов, Сузак райкомунун төрагасы А.Ж. Орозалиев, Чаткал райкомунун төрагасы Ы.К. Кудайбердиев, Тогуз -Торо райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Б.С.Иманбердиев, райкомдун төрагасы З.К.Ажыбаев, райБББнун жооптуу кызматкерлери катышты.

Иш-чарада обкомдун төрагасы А.Исмаилов сүйлөп, пандемия шартында Борбордук Комитет, облустук комитет, профсоюздук лидерлер тарабынан жургузулуп жаткан иштер тууралуу кычкача маалымат берип, илдеттин алдын алуу иштерин жүргүзүүнү улантуу зарылдыгын белгиледи. Борбордук Комитеттин демилгеси менен санариптештирүү жылындагы иш- чаралардын алкагында профсоюздук бюджеттен алынган бир комплект компьютерди райБББнун башчысына, материалдык жардамды райкомдун төрагасына тапшырылды.

Тогуз-Торолук кесиптештер Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке, обкомдун төрагасы Абдукахар Араповичке ыраазычылыктарын билдиришип, профсоюздук ишмердүлүгүүндө ийгиликтер каалашты.

Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору-А.Айдаров.