Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин иш чарасы Таш-Көмүр шаарында улантылды.

Борбордук Комитеттин иш чарасы Таш-Көмүр шаарында улантылды.

2020-жылдын 23-июнунда Таш-Көмүр шаарынын №11 орто мектебинде Борбордук Комитеттин санариптештирүү жылынын иш чараларын ишке ашыруу улантылып, Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Токтогул райондорунун, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларынын райшаар билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жооптуу кызматкерлери, райшааркомдордун төрагалары, Жалал-Абад обкомунун төрагасы А. Исмаилов, жооптуу кызматкелери катышты.

Иш-чарада обкомдун төрагасы А.Исмаилов өзгөчө абал шартында Борбордук Комитет жана профсоюздук лидерлер тарабынан профсоюз мүчөлөрүнө берилген жардамдар, аларга көрүлгөн камкордук тууралуу кыскача маалыматтар берди. Борбордук Комитеттин демилгеси менен санариптештирүү иш-чараларынын алкагында райшаардык билим берүү бөлүмдөрүн бир комплектинен компьютер менен камсыздоо профсоюздук каражаттын эсебинен журуп жаткандыгын белгилеп, өнөктөштөргө тапшырды.

Өнөктөштөрдөн-Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ш.Шабданов,Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков, Чаткал райкомунун төрагасы Ы.К.Кудайбердиев сүйлөшүп, Борбордук Комитетке, облустук комитетке ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору-А.Айдаров.