Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин балдарга камкордугу

          Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун Борбордук Комитетинин  демилгеси  менен  билим  берүү  кызматкерлеринин  балдарынын  жайкы  эс  алуусуна  сарпталуучу  каражаттардын көзөмөлү жана уюштуруу  иштери өзүнүн  жетекчилигине  алынды.  

Бул  менен   тармактын  кызматкерелеринин балдарынын  эс  алуусу  үчүн толук  мүмкүнчүлүктөр  жаратылды.

               Жайкы  эс  алуу  иш-чараларынын  уюштурулушу  багытындагы  иштер менен  таанышуу  максатында  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы          А.  Исмаилов  жетектеген  комиссия  Чаткал  районундагы “Жеткинчек” Аксы  районундагы “Сары-Челек” балдардын  эс  алуу борборлорунда 2018-жылдын  10-12- май  күндөрүндө  болушту.

    Борборлордо  даярдык  иштери  кызуу  журуп  жаткандыктарына күбө  болуп, борбордогу шарттар  менен жакындан  таанышышты. Профсоюздун райкомдорунун төрагаларына  жана  эс  алуу борборлорунун  жетекчилерине тийиштүү  тапшырмалар  берилип,  ой-пикирлер,   сунуштар   айтылды.

Материалды  даярдаган:  Жалал-Абад  обкомунун инспектору-А.Айдаров.