Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитетке ыраазычыктарын билдиришти.

Борбордук Комитетке ыраазычыктарын билдиришти.

2020-жылдын 29-июнь күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов Тогуз-Торо районунда атайын иш сапарында келип, райондук билим берүу бөлүмүнүн аппараты менен жолугушту. Жолугушуда обкомдун төрагасы А.Исмаилов Борбордук Комитет жана областтык комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берди. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловичтин демилгеси менен санариптештирүү жылына карата Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепканасына 1 даана компьютер жана 1 даана принтер тапшырды. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине жана Жалал-Абад областтык комитетине ыраачылыктарын билдиришти.