Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитетинин 5- Пленумунун чечимдерин ишке ашыруу максатында иш-чаралар бекитилди.

2018-жылдын 7-сентябрь  күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиум кеңешмеси болуп өттү.

Президиум кенешмесине  К. Нышанов, З.Усенов, А. Усманов, Б. Курбанова, А. Орозова, З. Юлдашева, М. Абдуллаева, А.Сагынбаева, Н. Момуналиева, Т. Исмаиловдор катышышты.

Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

  1. 2017-2018-окуу жылында өткөрүлгөн мелдештердин жыйынтыктары.
  2. Ноокен райондук “Билим берүү Ардагери” төш белгисине сунуштарды бекитүү жөнүндө.
  3. Август кеңешмесин жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамын өткөрүү жөнүндө.
  4. Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин кесип  бирлигинин Борбордук Комитетинин 5- Ысык-Көл Пленумунун чечимдерин ишке ашыруу иш-чараларын бекитүү.
  5. Билим берүү кызматкерлеринин жана  балдарды “Жайкы-2018” иш –чараларын уюштурулушу жөнүндө.
  6. Баштапкы кесиптик уюмдарда отчеттук чогулуштарды уюштуруу жөнүндө.

 Материалды даярдаган Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров