Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитет тарабынан жардам берилди

2021-жылдын 20-сентябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов иш сапары менен Жалал-Абад  областында болду.

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жамааты жана билим берүүнүн Жалал-Абад областтык усулдук борборунун директору А.Токтосунов менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берди. А.Токтогулов областтык комитеттин жооптуу кызматкерлеринин иш орундарында түзүлгөн шарттар менен  таанышып, сунуш-пикирин билдирди.

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов билим берүүнүн Жалал-Абад областтык усулдук борборунун директору А.Токтосунов менен билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуупикир алышты. Жаңы окуу жылындагы милдеттер талкууланды.

Жолугушуунун акырында Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов табыгый кырсыктан жабыркаган Сузак районундагы Комсомол орто мектебинин кызматкери  Авазов Эркин Абдибаитовичке материалдык жардам тапшырды.    

Мектептин кызматкери Э.Авазов үй-бүлөсүнүн атынан кесиптик бирликтин Бобордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловго жана областтык комитеттин төрагасы  А.Исмаиловго ыраазычылыгын  билдирди.

 

Материалды даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров