Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биздин милдет укук коргоо “Өнүгүү өз колубузда”

Кемин районундагы М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектебинде кесип бирлигинин чогулушу болуп өттү.

Чогулушка Кызыл Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Шакиров, айылдык кеӊештин  спикери Азат Исаков, айылдык кеӊештин депутаттары, Кемин райондук кесип бирлигинин төрайымы Айсалкын Чылабаева катышты.

Чогулуштун күн тартибинде:

  1. Кызыл Суу орто мектебинин мектеп администрациясынын, профсоюз комитетинин жана Алмалуу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин аткарылышы.
  2. Кемин райондук кесип бирлик комитетинин Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин социалдык жактан коргогон мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу  кыскача отчету.
  3. Чогулуштун журушундө Кызыл Суу орто мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Рахат Бээрманова Кемин районунундагы М.Өмүралиев атындагы Кызыл Суу орто мектебинде баардыгы 36 профсоюз мүчөсү эмгектенет. Профсоюз мүчөлөрүнүн иштешине толук кандуу шаттар түзулгөн. Өзгөчө кийинки эки жылдын ичинде айыл окмөтү менен тыгыз иш алынып барылууда. Үч тараптуу келишимде каралган маселелер айыл өкмөтү тарабынан колдоого алынып келе жатат.
  4. Мектептин директору К.Ажыкулова “ Көп жылдар бою мектеп директорлоруна Кемин райондук профсоюз комитети тарабынан үч тараптуу келишимди түзүүнүн маанилүү жактары бир нече жолу айтылган. Айыл өкмөттөр менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдин аткарылышында гана ушул документтин маанилүү жактарын биле баштадык.
  5. Аймалуу айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Шакиров “Өзүнүздөр билесиздер биздин айыл өкмөт дотацияда отурган айыл өкмөтүнүн катарына кирет. Ошондой болсо дагы билим берүү мекемелерин колдоонуу, үч тараптуу келишимде көрсөтүлгөн көптөгөн талаптар аткарылып жатат.
  6. Өзүнүздөр билесиздер быйыл мектепке ашкананын курулушуна айыл өкмөттүн эсебинен 450.000 (төрт жүз элүү миӊ сом )берилди, андан сырткары ата энелер менен сүйлөшүүлөрдү алып барып ашканасына идиш аяктар  35.000 (отуз беш миӊ ) сомго алып берилди.
  7. Алмалуу айыл кеӊешинин спикери Азат Исаков “Бул биздин айыл эли үчүн кылган кызматыбыз, ал эми мугалимдердин толук кандуу иштешине шарт түзүү биздин түздөн түз милдетибиз”.
  8. Жыйындын акырында Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева Билим илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин жана Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматты слайд түрүндө көрсөтүп берди.

Даярдаган Чылабаева Айсалкын