Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз канчалык көп болсок, позициябыз ошончолук бекем жана кызматкерлердин укуктарын коргоо оңой болот

2019-жылдын 23-26-август күндөрү Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында жайгашкан «TalismanVillage» эс алуу жайында Американын Кыргызстандагы Эл аралык профсоюздук тилектештик борбору тарабынан окуу-тренинги өткөрүлгөн. Ал жактан алган билимдерибиздин негизинде жана алган билимдерибизди жер-жерлерде жайылтуу максатында 2019-жылдын 11-октябрь күнү Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу № 12 Ж. Султанов атындагы орто мектебинде “Эмне үчүн өз эмгек укугунду билүү зарыл?” темасында областтык окуу - семинары болуп өттү.

Семинарга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А. Исмаилов, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысынын орун басары З.Юлдашева, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Жалал-Абад обкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасы З.Сулайманов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г. Борбиева, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар иштери боюнча жетектөөчү адиси А. Төрөканова, андан сырткары областтагы район, шаарлардын жаштар кеңештеринин төрагалары, райондогу 44 мектептин жаштар кеңештеринин уюштуруучулары, жаш профлидерлери жана жаш адистери катышышты. 

Ноокен райкомунун жаштар кеңешинин төрагасы Т. Бакиров “Ноокен райкомунун жаштар кеңешинин ишмердүүлүгүнөн” жана “Эмне үчүн өз эмгек укугунду билүү зарыл?”, Ноокен райкомунун жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары У.Уметов “Массалык маалымат каражаттарына, социалдык түйүндөргө материал даярдоо жана жарыялоо” темалары боюнча слайддар аркылуу усулдук материалдар берилди жана талкуу жүргүзүлүп, катышуучулар практикалык иштерди  жасашты.

Семинарга келген коноктор, катышуучулар өздөрүнүн жылуу ой-пикирлерин билдиришип, семинар жогорку денгээлде өткөндүгүн белгилешти. Жыйынтыгында активдүү катышкан жаштарга атайын даярдалган белектер жана грамоталар тапшырылды. Жалал-абад обкомунун төрагасы А. Исмаилов  активдүү 30 жаш профлидерлерге Сары-Челек коругуна 3 күндүк эс алууга жолдомо берүүнү убада берди. 

Окуу-семинарыбыздын негизги максаты жана мазмуну жаштардын Эмгек мыйзамдары боюнча билим денгээлди жогорулатуу, өлкөдө профсоюздук кыймылды жылдырууга  жана өнүктүрүүгө салым кошуу, активдүү жаштар арасында лидерлерди тандап алуу болуп саналат.

Семинар жогорку денгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетине, Американын Кыргызстандагы Эл аралык профсоюздук тилектештик борборуна, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетине терең ыраазычылыгымды билдирем.

 

Ноокен райкомунун алдындагы

жаштар кеңешинин төрагасы Т. Бакиров