Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Биз – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аттуу достук фестиваль ОГПИде болуп өттү.

23-24-июнь күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн! –III” аттуу аймактардагы мамлекеттик жогорку окуу жайлардын студенттеринин достук фестивалы болуп өттү.

Фестивалга КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын вице мэри Шакир Зулимов ошондой эле 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде кабыл алынган Ош декларациясына мүчө болгон окуу жайлар - Ысык-Көл, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош мамлекеттик университетеринин жетекчилери жана студенттери катышышты.

Кечени салтанаттуу түрдө уюштуруу тобунун төрагасы катары ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев ачып, жалпы келген конокторго, жетекчилерге окуу жайдын атынан ыраазычылык билдирүү менен, бул өткөрүлүп жаткан Ош декларациясынын алкагындагы достук фестиваль – учурдагы билим берүүдөгү бир топ маселелерди чечүүгө, жаштардын ааламдашуусуна, окутуучулардын жана студенттердин тажрыйба алмашуусуна, аймактар жана жаштар ортосунда достукту бекемдөөгө зор өбөлгө болуп жаткандыгын өз сөзүндө белгилеп өттү. Ошондой эле фестивалдын коноктору катары министрдин орун басары К.Кожобеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайлардын ректорлору куттуктоо сөзгө чыгышып, фестивальдын жүрүшүнө ийгиликтерди каалап өтүштү.

Андан соң көптөн күткөн фестивалдын маданий бөлүгү башталып, окуу жайлар даярдап келген номерлерин жобонун негизинде жалпыга тартуулашты. Мында студенттер “саламдашуу”, “фольклордук”, “эстрадалык”, “хореографиялык”, “поэзиялык” жана “театралдык” жанрлар боюнча өз чыгармачылыктарын, таланттарын көрсөтүшүп, өз окуу жайларынын намысын коргошту.

Иш чаранын экинчи күнүндө ОГПИнин таанттуу студенттеринин концерттик программасы коюлуп жалпы коноктор үчүн өзгөчө маанай тартуулап өтүштү. Андан соң салтанаттуу түрдө фестивалдын лоуреаттарын сыйлоо аземи уланып, анда ректор Б.Б.Зулуев жыйынтыктоочу сөзгө чыгып, комиссиянын чечими менен тандалаган фестивалда өзгөчөлөнгөн мыкты номер ээлерине диплом, окуу жайдын символикалык белектерин жана акчалай сыйлыктарды тапшырып өттү.

Фестивалдын маданий бөлүгүнөн сырткары аймактардан келген студенттер ортосунда спорттук мелдештер, жаштарга арналган бий кече жана коноктор үчүн Ош шаарына саякат уюштурулду.

Эскерте кетсек 2016-жылдын 21-майында Ош мамлекеттик универмитетинде Кыргызстандын жети облусунан, башта аталган жети мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлору “Ош декларациясына” кол коюшкан. Мына ошол декларациянын алкагында билим берүү, тажрыйба алмашуу, илим изилдөө, ички байланышты бекемдөө,  студенттер ортосунда маданий достукту жайылтуу сыяктуу алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, ар окуу жылдын аягында ЖОЖдордун кезектешип уюштуруусу менен, маданий багытта аталган фестиваль өткүлүп келет. Фестивальдын демилгечиси катары алгачкы иш чара 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде өтсө, 2017-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болуп өткөн. Ал эми келээрки жылы Талас мамлекеттик университетинде өткөрүлөөрү маалым болду.