Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз баарыбыз биргебиз!

3-декабрь күнү Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жайгашкан  Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде 3-декабрь майыптар  күнүнө карата “Биз баарыбыз биргебиз!” аттуу иш чара өттү. Иш-чарага Ноокен рай БББнүн башчысы Н.Олжобеав, Ноокен рай КБКнын төрагасы  К.Нышанов жана билим берүү мекемелеринин директорлору катышышып, өз салымдарын кошушту. Андан сырткары райондогу мектептерде атайын марафон өткөрүлүп, анда чогулган китептер, кийим-кечелер мектеп жетекчилери тарабынан тапшырылды. Иш-чара көмөкчү жатак мектептин тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен уланды.

Материалды даярдаган:

Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин

профкому М.Төрөбекова