Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Биз агайды эстейбиз” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү

2021-жылдын 14-сентябрында Ала-Бука районунун Акпаралиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде “Биз агайды эстейбиз” деген эскерүү кечеси болуп өттү, ал маркум мугалим Абринов Жээнбайдын элесине арналды. Ага анын уул-кыздары, жакын туугандары, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана мектептин жалпы жаамат катышты. Иш-чараны мектеп директору Токтоназаров Кубаныч ачып Абринов Жээнбайдын эмгек жолу, өмүрү жөнүндө айтып берди. Ал көп жылы ушул мектепте мугалим болуп иштеген, үзүрлүү эмгек өтөгөн. Педагогикалык жамааттын чечими менен Ж.Абриновдун ысымы география кабинетине ыйгарылды. Анын уул-кыздары кабинетти акыркы заманбап каражаттар менен жасалгалашты.

Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев жалпы жааматтын чечими абдан туура экендигин  айтып, Абринов Жээнбай  менен бирге иштеп жүргөндөгү жакшы касиеттерине токтолду. Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы болуп иштеп, мугалимдердин укугун коргоо жаатында иштеген учурларын эскерди. Уул-кыздарына география кабинетин жасалгалагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин уулу Абринов Талант, ардагер мугалимдер, бирге иштешкен кесиптештери, бир туугандары эскерүүлөрү менен бөлүштү. Ж.Абринов кесиби боюнча географ болгондуктан география кабинетине ысымы ыйгарылды, элеси түбөлүкө сакталмакчы.

 

Маалыматты даярдаган: Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы К.Суванкулова