Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Биз адам сатууга каршыбыз!”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 21-июнундагы № 04-01/1770 сандуу катынын негизинде адамдарды сатууга каршы Ноокен райондук Координациялык кенешинин 2018-2019-жылга түзүлгөн иш планы Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө реализацияланып, аткарууга алынды. Райондун бардык мектептеринде “Биз адам сатууга каршыбыз!” ураанынын алкагында  башталгыч класстардын окуучуларына сүрөт, 5-7-класстардын окуучуларына дил баян сынактары өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.

 Атайын бекитилген графиктин негизинде №26 Т.Анаркулов, №40 Токтогул, № 21 Фуркат, №39 Зайниддинов, №20 Матмуса, №33 Д. Садырбаев, №32 Дүйшембиев, №18 Молдалиев, №19 Казаков, №16 Ж.Турусбеков, №17 “Кыла”, №14 Губкин, №15 Беки уулу Семетей атындагы орто  мектептеринде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жаштар иштери боюнча адистери, укук коргоо органдары, ата-энелер комитеттеринин катышуусунда  “Адамдарды сатууга каршы күрөшүү” иш-чаралары  өткөрүлдү. Аты аталган мектептердин окуучулары иш чарага активдүү катышышты. Иш чара райондун калган мектептеринде да уланмакчы.

 

 

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров