Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бишкекте “Special Olympics” алкагында футбол жумалыгы болуп өттү.

2018-жылдын 21-24-май күндөрү Кыргыз Республикасынын “Special Olympics”  тарабынан футбол жумалыгы өткөрүлдү.  Бул турнирге Бишкек шаарынын мектеп интернаттары жана  Ноокен районундагы Шайдан айыл өкмөтүндө жайгашкан Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинен балдар барып катышышты.

Турнирде Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинен балдары 1-орунду ээлешип, Кыргызстандын 7 жолку чемпиондору аталышты.

Кыргыз Республикасынын “Special Olympics”  президенти К. Мамбеталиев  бул женишке жетүүдө  Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин директору Э. Абдурахманов, дене-тарбия мугалимдери З. Сатаров менен Н. Халжигитов  салымы чоң экендигин айтып, жеңиши менен куттуктады. 

Материалды даярдаган:

Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин профкому Н. Тагаев