Председатель

Наши партнеры

Статистика

Биргелешкен облустук семинар максатына жетти

       7-8-август күндөрү «Арстанбап» пансионатынын базасында «Социалдык өнөктөштүк – ийгиликтин өбөлгөсү» деген жалпы темадагы облустук семинар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, профсоюздук комитеттердин төрагалары, профсоюздун облустук комитетинин, облустук усулдук борборунун эмгек жамааттарынын катышуусунда өткөрүлдү.

       Семинар обкомдун (төрагасы А.Исмаилов) демилгеси менен уюштурулуп өткөрүлдү.

       Башкы максат катарында профсоюздар менен социалдык өнөктөштөрдүн  ортосунда алака-мамилени чыӊдоого басым жасалып, ал аркылуу билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин чечүүнү өркүндөтүүгө багытталды.

       Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин башкы укук, техникалык инспектору А.Кадыркулов катышып, «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарынын билим берүү уюмдарында аткарылышы» боюнча деген мазмундуу билдирүү жасады.

       Ал өзүнүн билдирүүсүндө Республиканын билим берүү тармагында колдонулган ченемдик-укуктук иш кагаздарына кеӊири жана мазмундуу түшүндүрмөлөрдү берди.

       Айрыкча, кадрдык иш кагаздар, кадрдык кызматтардын милдеттери, негизги функциясы, кызматка кабыл алуунун жол-жобосу, жаӊы кызматкерди жумушка кабыл алуудагы жетекчиликке кабыл алынуучу мыйзамдар, эмгек келишими жана аны токтотуунун жолдору, буйруктарды жазуу ж.б. маселелер тууралуу конкреттүү мисалдардын негизинде жеткиликтүү түшүндүрүлдү.

       Семинардын кийинки бөлүгүндө обкомдун түрагасы  А.Исмаиловдун, Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосунов тармакта «Адеп жана укук маданияты» жылынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеӊири маалыматтарды беришти.

       Каралган маселелер боюнча кеӊири талкуу уюштурулуп, суроо-жооп формасында улантылып, райшаарБББ башчылары, профсоюздун комитеттердин төрагалары өмөктүү ойлорун ортого салышты.

       Семинардын алкагында социалдык өнөктөштөр менен бирдикте аткарылуучу иштердин негизги багыттары белгиленди.

       Семинардын ишин обкомдун төрагасы А.Исмаилов жана облустук усулдук борбордун директору А.Токтосуновдор жыйынтыкташты.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү

Просмотров: 76