Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Бирдиктерге» кубаныч тартуулаган билим уясы

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу «Бирдик» айылында мектепке чейинки билим берүү уюму жоктугунан жаш жеткинчектерди мектепке даярдоо боюнча көйгөй жаралып келген.

Маселени чечүү максатында аталган айыл өкмөттүн башчысы Кадырбек Эпеев тарабынан «Арис» уюмуна долбоор даярдалып өткөрүлүп, анын натыйжасында долбоор тарабынан каржы булагы чечилип, балдар бакчасынын курулушу «Кербен жол курулуш» фирмасы тарабынан сапаттуу бүткөрүлүп, имаратка 17 млн сом сарпталган.

Айыл өкмөтүнүн жигердүү аракети менен Үвейцариянын Хельветас уюуму аркылуу долбоор менен 2,3 млн сомго жакын каражатка компьютер, ноутбук, интерактивдүү доска, «Ямаха» музыкалык борбору, телевизор, столдор, стулдар, шкафтар, ДВД аппараттары ж.б. зарыл эмеректер сатып алынган.

Замандын акыркы талаптарына жооп берген 50 орунлуу балдар бакчасында жаш жеткинчектер тарбияланышына зарыл шарттар жаратылган.

«Актан» мектепке чейинки билим берүү мекемесин тажрыйбалуу педагог, КРнын билим берүүсүнүн отличниги Б.Мамбетөмүрова ийгиликтүү жетектеп келүүдө.

Бакчада 5 тарбиячы, 2 бала багуучу кенже жана ортоъку тайпаларда иш жүргүзүшөт, бардыгы тиешелүү педагогикалык билимдерге ээ.

Бардык талаптарга жооп берген бакчанын ынтымакттуу жамааты менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор А.Токтогулов, профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жана облустагы бардык райкомдордун, жогорку окуу жайдын профкомдорунун төрагалары катышышты.

А.Токтогулов бакчадагы бардык шарттар менен кеъири таанышып чыгып, эмгек жамаатынын алгылыктуу иштерине татыктуу баасын берди.

Ошону менен бирге педагогикалык кызматкерлерге түзүлгөн шарттар, аларга көрсөтүлүп жаткан моралдык колдоолорго кызыкты.

Ар бир кызматкер эмгегине жараша сый-урматка татыктуу экендигине токтолду.

Обком, райшааркомдор мыкты иштегендерди Борбордук Комитеттин тармактык сыйлыктарына сунуштоо маселесин да кароо жагын белгиледи.

Эмгек жамаатынын ой-пикирлерин угуп, суроолоруна жооп берди.