Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Билим” майрамы өткөрүлөт

Ош мамлекеттик университетинде 28-апрель күнү саат 8-30дан баштап  университеттин  башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган  “Билим”  майрамын өткөрөт.  “Билим” майрамында Ош мамлекеттик университетинин факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери билим жарманкесин тартуулайт.  Ошондой эле бардык адистиктер интерактивдүү шоу- программаларын көрсөтөт.

Аталган майрамга бардык аймактардан абитуриенттер, студенттер, райондук билим берүү бөлүмдөрү,  мектеп директорлору, мугалимдери, агай-эжекелер, кызыккан бардык инсандар конок катары чакырылган.

Кошумчалай кетсек,  “Билим” майрамында” университеттин бардык факультеттерине саякаттоого да мүмкүнчүлүк түзүлөт.