Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Билим, илим профсоюзу бүгүн жана келечекте» деген темада райондук профсоюздук комитети өткөргөн иш-чара.

Ноокен  районунда   2013-жылдын 29-ноябрь күнү  №29 Мирзаходжаев  атындагы орто мектебинин чоң  залында «Билим,  илим  профсоюзу  бүгүн  жана  келечекте» деген темада  райондук профсоюздук комитетинин  иш-чарасы  болуп, 2 бөлүк  менен өттү.  1-бөлүгү салтанаттуу  азем,  2- бөлүгүндө семинар болду.


            1-бөлүгү.  Иш-чарага Билим, илим  профсоюзунун Жалал-Абад  облустук  комитетинин  бөлүм  башчысы А.Т. Бегматов, профсоюздун  Сузак  райкомунун  төрагасы  А.А. Исмаилов, райБББнүн  башчысынын  орун  басары   К.Н. Садыров, баштапкы  профсоюздук  уюмдардын 85  төрагалары, иш  берүүчүлөрдүн өкүлдөрү, чакырылган  меймандар  катышты.

             Иш-чара  мектеп  окуучуларынын  «Профсоюз  биздин  камкорубуз!» темасындагы  адабий-музыкалык  композициясы  менен  башталып, профсоюздук  лидерлерди  куттукташты.

             Иш-чарада  атайын  даярдалган №27  «Бирдик»  орто  мектебинин баштапкы  профсоюздук уюмунун  төрагасы, «Кыргызстан  профсоюздарына  эмгек  сиңирген  кызматкер»  К. Кадаралиевтин иш  тажрыйбасын  чагылтырган  көркөм  тасма  көрсөтүлдү.              

            

Ошондой  эле социалдык  өнөктөштөрдүн билим,  илим  профсоюзу жөнүнөдгү  ой-пикирлерин,   сунуштарын   чагылтырган  тасмалар көрсөтүлдү.  Даректүү тасмада өзүнүн  ой  пикирлери  менен  райондун  акими  А.К. Осмонов,  аким  орун  басары Н.А.  Бекжигитова, райБББнун  башчысы  Б.С. Козуев, райБББнун  мурдагы  башчысы  О.Ш. Шеров, мектеп  директорлору Б. Арапбаев Д. Карагулова,  ардагер жетекчи С.Сарыбаев, профкомдор  М. Абдувахапова, А.  Сагынбаевалар катышып, билим, илим  профсоюзуна ийгиликтерди, келечекте байсалдуу  жетишкендиктерди каалашкан  жана  келечектеги иштери  жөнүндөгү сунуштарын  билдиришкен.

               Иш-чарада Борбордук Комитет  тарабынан  жарыяланган «Кесиби  боюнча  мыкты»  кароо-сынагындагы  «Мыкты  иш  беруучу», «Мыкты  профсоюздук  уюм» номинациялары  боюнча  райондук  кароонун  Жыйынтыктары  чыгарылып, женүүчү  болгон  №8  Орозматов атындагы  орто  мектебинин  иш тажрыйбасы чагылтырылган  видео  тасма көрсөтүлдү.

                 

Женүүчүлөргө  жана  алдынкы профсоюздук  уюмдун  жетекчилерине Профсоюздун Жалал-Абад  Кеңешинин, Жалал-Абад облустук комитеттин , райБББ  менен  райКБКнын  «Ардак  Грамоталары», атайын сыйлыктары тапшырылды.

Сыйлангандар  тарабынан  ыраазычылыктар билдирилди.

                2-бөлүгү. Иш-чаранын  2-бөлүгү «Айлык  акыларды  эсептөөнүн  эрежелери» темасында  семинар  болуп,  райБББнун  борбордоштурулган бухгалтериясынын  башкы  бухгалтери З. Осмонова,  башкы  экономисти  Г.  Бекбаева, №16  Турусбеков  атындагы орто  мектебинин   директору  З. Юлдашевалар тарабынан  даярдалган  усулдук   материалдар  берилди. Семинар суроо-жооптор  менен кызыктуу  өттү.

 

Материалдарды  даярдаган, №29  Мирзаходжаев  атындагы  орто  мектебинин профсоюздук уюмунун  төрайымы  Динара  Закирова.