Билим, илим министрлигинин делимгеси менен Жалал-Абад областындагы жатак мектептеринде Республикадагы . . .
Билим, илим министрлигинин делимгеси менен Жалал-Абад областындагы жатак мектептеринде Республикадагы жатак мектептеринин жетекчилеринин Республикалык семинардык кеңешмелери жер-жерлерде өткөрүлүүдө. 14-15-июнь 2013-жыл күндөрү семинардын катышуучулары Ноокен районундагы Шайдан айылында жайгашкан Ж.Ныязов атындагы жатак-көмөкчү мектебинде болушуп, иш тажрыйбаларын менен ой-пикирлерин бөлүштү. Семинардын жүрүшүндө атайын көмөкчү мектебинин өзгөчөлүктөрүнө ылайык докладдар, лекциялар жана жаңы усулдук көрсөтмөлөр берилип, жетекчилерге практикалык жардамдар берилди. Семинардын катышуучулары Ж.Ныязов атындагы көмөкчү-жатак мектебинин жамааты тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө өздөрүнүн жылуу пикирлерин билдиришти. Семинардын ишине райондук администрацияынын башчысынын орун басары Н.А.Бекжигитова, райБББнүн башчысы Б.С.Козуев, рай КБКнын төрагасы А.Ч.Айдаров айыл Округунун башчысы А.А.Ирисалиевдар да катышып, семинардын ишине ийгиликтерди каалашты.
--
Шайдан айылдык Округундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин мугалими, "Республикалык 2012-жылдын мыкты мугалими" кароо-сынагынын жеңүүчүсү Уметов Улан.