Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиумунун кеңейтилген №3-жыйыны 2013-жылдын 19-апрелинде өткөрүлдү.
Күн тартибине 6 маселе сунуш кылынды:
- Жалал-Абад мамлекеттик универсетинин профессордук –окутуучулар жамаатынын жана студенттердин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоодо жүргүзгөн иштери, финансылык каражаттарды пайдалануунун абалы жөнүндө
- Дене тарбия академиясынын Жалал-Абад филиалынын профкомунун мугалимдердин жана студенттердин турмуш-тиричилик шарттарын түзүү боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө
- Райшааркомдордун өз- ара тажрыйба алмашуусунун жыйынтыктары жөнүндө
- 2013-жылы «Кесибинин мыктысы» республикалык кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө
- Чүй облусундагы Аламүдүн, Нарын облусундагы Ак-Талаа, Ат-Башы райкомдорунун, Талас райкомунун билим берүү мекемелеринде профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндөгү профсоюздун Борбордук Комитетинин президиумунун токтомун ишке ашыруу жөнүндө
- Жалал-Абад мамлекеттик универсетинин мугалимдерин обкомдун «Ардак грамотасы» менен сыйлоо жөнүндө
- Ар түрдүү иштер
Президиумдун ишине 9 кишиден турган курамы, бардык райондук жана шаардык комитеттердин төрагалары, обкомго түз баш ийген баштапкы уюмдардын төрагалары, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профкомунун төрагасы, студенттик профсоюздар комитетинин төрайымы, дене тарбия академиясынын Жалал-Абад филиалынын профсоюз уюмунун төрагасы катышышты.
Мындан тышкары Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борбордун директору А.Токтосунов, профсоюздардын Жалал-Абад облустук Кеңешинин төрагасы З.Жусмаматовдор катышты.
Алар күн тартибиндеги маселелер боюнча өздөрүнүн ой пикирлерин ортого салышты.
Жыйындын акырында күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кеңири ой- пикир талкуулардан кийин тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Президиумдун ишин обкомдун төрагасы К.Мурзакматов алып барып, жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.
Обкомдун уюштуруу бөлүмү