Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Токтогул райондук комитети эс алып келишти
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Токтогул райондук комитети тарабынан 2013 -жылдын 1 июнунан баштап "Чычкан озонунун" Ак-Көл жайлоосунда жолдомо менен 120 мугалим жана техникалык кызматкерлер 5 күндөн 10 күнгө чейинки убакытка бээнин сутун ичип эс алып келишти жана дагы барып эс алып келүүгө жөнөтүлүп жатат. Мындан сырткары Манас Ордо комплексине, "Сары-Челек" эс алуу жайына жана Арсланбаб пансионатына бардыгы 536 профсоюз мүчөсү барып эс алып келишти. 272 мугалим жайлоодо өз алдынча эс алып жатышат. Бардык жолдомолор райондук профсоюз комитети тарабынан каржыланат.