Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү профсоюзуна ыраазычылык!

       Эмгек  өргүүсүндө  «Жалал-Абад» санаториясында  дем  алуу  мезгилинде кесиптештер  менен жолугушуу  мүмкүнчүлүгү болду.   Жалал-Абад  облустук билим  берүү башкармалыгынын    биринчи  башчысы, «Кыргыз Республикасынын  эмгек  сиӊирген  мугалими»,  Ардактуу  Ардагерибиз  Бекболот  агай  Исабаев,   Базар-Коргон районунун  билим  берүүсүнө  салмактуу  эмгек  сиӊирген  ардагер  80-жаштагы  агайбыз  Сатыбай, Жалал-Абад  облусунда   мугалимдердин  жана   окуучулардын  арасында  спортту  өнүктүрүүгө  чоӊ  салымдарын  кошкон, «Кыргыз Республикасына  эмгек  сиӊирген калысы»,  спорттун  чебери  Жаркынбаева  Гулмира  эжеке, Ош  шаарынын мектебинин  мугалими   Момунов  Шавкатжандар   менен  маектешип,  билим  берүү  профсоюзунун  ишмердигине   ыраазычылык  билдиришкенде өтө  кубандым. Бекболот  агай Борбордук  Комитеттин  төрагасы   А.Токтогуловко,  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы  А.Исмаиловко ыраазы  болуп,  билим  берүү  тармагында  профсоюз  уюмунун  ролу  чоӊ  экендигин  белгиледи. Дем алуучулардын көпчүлүгү билим берүү тармагынан  экендиги,  аларга профсоюз  тарабынан  жолдонмолорду берилгендиги дагы   билим  берүү профсоюзун кандай кубатуу уюм деӊгээлине  көтөрүлгөндүгү бизди  сыймыктандырды.

Материалды даярдаган:Ноокен райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.