Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен өткөрүлгөн кеңешме

     Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү райондук профсоюз комитети менен биргеликте билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен Кеңешме өткөрүп, 2017-жылдын 10-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында каралган маселелер боюнча маалыматтар берилди жана сунуштар айтылды.

    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин нускама каты боюнча эрежелерди иштеп, талкуулап, коюлган талаптарды аткарууну көзөмөлгө алып ата-энелерге, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тааныштыруу  керектиги айтылды. Бул маселелердин үстүндө иштөөдө профсоюз уюмдарынын колдоосу, бирге кызматташуусу зарыл экендиги да белгиленди.

    Нускама катта окуучуларга болгон мамиленин эрежелери көрсөтүлгөн, айрымдарын мисалга алсак:

- форма кийбеген баланы сабактан чыгарбоо;

- окуучуну мектеп кезметтигине тургузбоо;

- кечигип келген окуучуну сабака киргизүү;

- мектептин аймагында мугалимдердин тамеки  тартпоосу ж.б.

    Бул  эрежелерди мектептердеги усулдук кабинеттерге илип коюу сунушталды.

   Жаш балдардын суициди азыр коомдо эң көйгөйлүү маселе болууда. Учурда  райондук администрация тарабынан  комиссия түзүлүп, райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте ар бир мектепте бул тема боюнча видео тасмалар көрсөтүлүп, плакаттар илинип, лекция өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иш чараларга мектеп профкомдору да активдүү катышып жатышкандыгы айтылды.

    Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечекке туура багыт алуусуна жол көрсөтүу максатында Ысык-Көл областтык билим берүү институтунда «Кесипке багыт берүү» борбору ачылып, график боюнча бүтүрүүчүлөр менен жолугушуулар уюштурулаары мектеп жетекчилерине маалымдалды.

    Билим берүү мекемелеринде 5 күндүк окутуу системасы ишке ашырылгандыктан, эс алуу күндөрүндө окуучулардын коопсуздугуна жоопкерчиликти ата-энелерге милдеттендирүүгө карата мектеп, класс жетекчи, ата-эне ортосунда 3 тараптуу келишим түзүлүш керектиги сунушталды.

    Жыйынтыгында Кыргыз Республиксынын билим берүү жана илим министрлигинин 10.02.2017-жылдагы коллегиясында 2017-жылга карата мектепке чейинки, мектептик билим берүү уюмдарына коюлган талаптарды, милдеттерди  толугу менен аткаруу, мындан тышкары балдардын үстүнөн болуучу  зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо, интернет булактарынан виртуалдык программалар менен алек болгон өспүрүмдөр жана окуучуларды көзөмөлдөөнү ата-энелер жана педагогикалык жамаат профсоюздук уюм менен менен биргелешип иштөөнү жолго коюу мектеп директорлоруна милдеттендирилди.

 

Айжан Төрөева,

 Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери