Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү мекемелеринин 2017-2018-окуу жылына карата кышкы от жагуу сезонуна даярдыгы

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу билим берүү кызматкерлерине эмгектенүүгө шарт түзүү максатында билим берүү мекемелеринин 2017-2018-окуу жылына карата кышкы от жагуу сезонуна даярдыгын көзөмөлдөн өткөрдү. 

Көзөмөлдүн максаты эмгектенүүгө шарт түзүү жана коопсуздук эрежелерин сактоо, өрткө каршы курөшүү ишин алдын алуу.

Комиссиянын курамына билим берүү бөлүмүнүн жооптуу адиси, айыл өкмөтүнүн жооптуу адиси, мектеп профкому киргизилген.

Комиссия мүчөлөрү негизинен көйгөй жаратуучу билим берүү мекемелеринде болуп төмөндөгүдөй маалыматтарга ээ болушкан.

Билим берүү мекемелеринин жылуулук системасынын түрлөрү боюнча:

Борбордук жылытуу системасы – 2 мектеп

Өздүк котельный  – 15 мектеп, 5 бала бакча 

Электрдик - 3 мектеп 2 бадла бакча 

Меш менен жылытуу – 1 мектеп

Аралаш (альтернативдик) – 5 мектеп

Билим берүү мекемелерине 2370 тонна көмүр талап кылынат. Бүгүнкү күндө 80% көмүр менен камсыздалган.

Күз, кыш мезгилине карата даярдануу максатында өткөн окуу жылындагы кемчиликтериди жоюу максатында төмөндөгүдөй иштер аткарылган:

1. Искра айылындагы жаны бала бакчага өздүк  котельный курулду, жылуулук системасы толук орнотулду.

2. Арпатектир айылындагы орто мектепте стим грант аркылуу  жылуулук системасы жана эшик терезелер алмаштырылды.

3. Онбиржылга, Сайлык  айылындагы орто мектептеринде стим грант аркылуу  терезелери толугу менен алмаштырылды.

Акбешим айылындагы орто мектеби капиталдык ремонтко муктаж. Жалпы суммасы 14 000 000  сом менен Чуй облустук курулуш башкармалыгы тендер откоруп 2017-жылга 4 000 000 сом менен жылуулук системасы толугу менен алмаштыруу пландаштырылууда.

Күз, кыш мезгилине карата көйгөй жаратуучу билим берүү мекемелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  1. Кошой айылындагы мектебине кошумча котел коюу зарылчылыгы бар.
  2. Искра  айылындагы мектепте  жылуулук берүү системасынын күн батыш тарабы ремонтко муктаж .
  3. Онбиржылга айылындагы орто мектебинин жылуулук берүү трассасы ремонтко муктаж.

Комиссия төмөнкү маселелерди  белгиледи:

1) Кыш мезгилине карата даярдоо иш пландарынын аткарылышын  көзөмөлдөө.  

2)  Өрт коопсуздугуна карата керектуу шаймандар менен толук  камсыздоону көзөмөлдөө.

 4)  Электрдик жабдууларды  дагы бир жолу техникалык кароодон өткөрүү иштерин уюштуруу.

Жогорудагы маалыматтардын негизинде райондук мамлекеттик администрациясына, билим берүү бөлүмүнө каттар жөнөтүлдү.

 

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

 профсоюзунун төрагасы                                                               С.Наматов