Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү мекемелерин аккредитициялоо

    2017-жылдын  6-декабрында Токмок шаарындагы №1 мектеп гимназиясында Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзу,  Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү  менен биргеликте негизги жана орто билим берүүчү мектептерди аккредитациялоого карата  билим берүү жана илим министрлигинен атайын адистерди чакыруу менен кеңири масштабда семинар уюштурулду. Семинарда 1- маселе “Билим берүүдөгү мамлекеттик  стандарт”, 2-маселе  “Билим берүү мекемелерин аккредитициялоо” каралды. Каралган маселелер боюнча негизги түшүнүктөр берилип,  андан кийин мектеп директорлору өз түшүнүктөру менен топторго бөлүнүшүп иштешти, өздөрүнүн долбоорлорун талкуулашты.  Билим берүү жана илим министрлигинин  адистеринен түшүнбөгөн сурролорго жооптор алынды, мектеп директорлору бири биринин   ойлорун угушту. Семинар ар бир мектептин директоруна жеткиликтүү болду. Мектеп директорлору мындай семинар уюштурууга көмөк көрсөткөн Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айткуль Сабыровна Кибираевага, мугалимдер Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзуна чоң ыраазычылык билдиришти.

 

Наматов С.

Жумалиева Д.