Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин кесип бирлигинин Тон райондук комитетинин уюштуруусу менен өткөрүлгөн ХIХ Манасиада

       Билим берүү  кызматкерлеринин кесип бирлигинин Тоӊ райондук комитети тарабынан   2017-жылдын 27-28-апрель күндөрү  Тоӊ районунун  мектептеринин, мектепке чейинки  билим берүү мекемлеринин  арасында  спорттук  иш-чара 17 Манасиадасы өткөрүлдү. Билим берүү  кызматкерлеринин кесип бирлигинин 21-апрель 2017-жылдагы  Президиумунун Кенешмесинде  17 Манаисадасын өткөрүүгө карата  билим берүү  кызматкерлеринин  кесип бирлигинин  Тоӊ райондук  комитети, Тоӊ райондук билим берүү  бөлүмү  менен бирдикте  атайын  Жобо иштелип  чыгып, спорттук  иш-чаранын  өтүү убактысы, өтүүчү жайы, спорттун кайсы түрлөрү  боюнча өтүлөөрү  жөнүндө   чечим кабыл алынды.

       Кыргыз Республикасынын  Президенти А.Атамбаевдин 2017-жылдын 5-январында  «2017-жылды «Ыйман, адеп жана  маданият жылы» деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгондугуна  байланыштуу   бул спорттук иш-чаранын ыйман, адеп жана  маданият жылына карата «Манастын урпактары- дени сак улут» ураанынын  астында  өттү. Спартакиаданын негизги  максаты мугалимдердин ден-соолугун чындоо, билимге, чыгармачылык  иштерине спорт аркылуу  сергек жашоого чакыруу  жана угуттоо, областтык спартакиадага курама  команда тандоо  түрүндө өткөрүлдү .

      Спорттук иш-чара  2017-жылдын  27-28-апрель күндөрү  Тоӊ районунун  Бөкөнбаев  айылынын  Ж.Алтымышбаев  атындагы орто  мектепте  ачылып, мелдештин Жобосуна ылайык  мелдештин шарты боюнча шахмат, теннис, волейбол оюндары  боюнча  өткөрүлдү. Манасиаданын  башкы калысы  балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору  Н.Осмоев,  Волейбол оюну арасындагы командаларга  Н.Осмоев, А.Эсенгулов,  шахмат  боюнча калыс А.Камбаров, теннис  оюну боюнча калыс М.Кулуевдер болушту. Волейбол оюну  боюнча командалар 2 командага бөлүнүп,  айлампа түрүндө ойношту.  Спорттук иш-чаранын  жүрүшүндө  алдынкы орундарга жетишкендерге  кубоктор, баалуу жана акчалай  сыйлыктар берилди.   Спорттук  мелдештин  жүрүшү  боюнча  маалымат Ысык-Кол областтык  телевидениясы  аркылуу  28-апрель 2017-жылы  көрсөтүлдү.  Ошондой эле, Ысык-Кол областтык  мугалимдер  арасында өтүлүүчү мелдештерге  катышуучу  командалар  аныкталып,  алардын  спорттук мелдешке  катышып  келүүсү  үчүн  10,0 (Он мин)  сом  суммасындагы  акча  каражаты бөлүнүп  берилди.

                

   

 

Билим берүү кызматкерлеринин

кесип бирлигинин Тон райондук

комитетинин төрагасы                                                                               К.Жумабеков