Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин “Ден-Соолук-2017” спартакиадасына облустук комитеттин төрагасы дем берди

         2017-жылдын  18-февралында  “2017-жыл –Ыйман,  адеп жана  маданият   жылы”  иш-чараларынын  алкагында  Ноокен  районунун  борбору  Масы  айылында  жаңыдан   бүткөн  спорт  залда  жана  №2   С.Ногоева  атындагы  орто  мектебинин  базасында  билим    берүү  кызматкерлеринин  “Ден-Соолук-2017”  спартакиадасы спорттун   волейбол, шахмат, стол  тенниси  жана  тогуз  коргоол   түрлөрү боюнча  9  айыл  айматтын  курама   командарынан 300 спортчу катышуусунда  өткөрүлдү. Спартакиаданынын  ачылышына  райондун жаңы акими  Маматаев  Эркин  Садырбекович, Билим, илим  кызматкерлеринин кесип  бирлигинин  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы   Исмаилов  Абдыкахар  Арапович,  райакимдин  орун  басары   Бекжигитова  Нурила   Алимжановна,  райБББнун башчысы  Козуев  Б.С, райКБКнын  төрагасы   Нышанов  К.К. катышып  кутуктоо  сөздөрүн,  каалоолорун  билдирди.

        Спартакиаданын  катышуучуларын  А.А.  Исмаилов  куттуктап,  2017-жылдан  баштап облустук спартакиаданын  өткөрүүнүн  каражаттарын  толугу  менен  облустук  комитет   тарабынан каржыланышын  маалымдады  бул  жаңылык   катышуучуларга дем  берип, кубануу  менен   кабыл  алышты.  Ноокендиктер  А. А.  Исмаиловко ыраазычылык  билдирип,  жаңы   кызматында   ийгиликтер каалашты.

       Спартакиада  атаандаштыкта  өтүп, 1-орунду –Шайдан, 2-орунду-Масы  айыл  аймагынын жана 3-орунду  Кочкор-Ата шаарынын  курама  командалары  ээлешти.

Материалды  даярдаган:  Алишер   Усманов- Кочкор-Ата  спорт   мектебинин  директору,  райКБКнын  Президиумунун   мүчөсү,  спорттун   чебери.