Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

2015-жылдын 30-январында билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

Конференцияда  отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштери боюнча доклад менен Баткен шаардык профсоюз комитетинин төрайымы М.Калыкова доклад жасады. Текшерүү комиссиясынын доклады угулуп, жарыш сөздөргө чыгышкан  делегаттар шаардык профсоюз комитетинин  2010-2014-жылдарда жүргүзгөн ишин канаттандырарлык деп табышты.

Конференцияда 23 делегаттарынын бир добуштан колдоосу менен М.Калыкова Баткен шаардык комитеттин торайымдыгына кайрадан шайланды. Конференциянын ишине Баткен шаарынын мэриясынын вице-мэри И.Рыскулова, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ахматбеков,  билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин төрагасы З.Бөтөков катышып кеңири сөз сүйлөштү.