Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери үчүн эс алуу уюштурулүда

Баткен областынын билим берүү кызматкерлери Ысык-Кол районундагы Кара-Ой айылындагы улуттук илимдер академиясынын пансионатында билим берүү  жана илим профсоюзунун Борбордук комитетинин жардамы менен Баткен областтык комитети жана райондук, шаардык профсоюз комитеттери тарабынан  биргелешип уюштурулган 5-7  кундук эс алүда болушүда.

Баткен районунун Бужун орто мектебинен 30 профсоюз мүчөлөрү  учун Баткен райондук профсоюз комитети жана Кара-Булак Айыл окмоту биргелешип Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылындагы улуттук илимдер академиясынын пансионатында 7 күндүк эс алү уюштурушту,Кара-булак айыл өкмөтү(А/О башчысы М.Насиров) 30 миң сом бөлүп берген. Каражаттын калганы профсоюздун райондук комитетинен жана мектептин демөөрчүлөрүнүн эсебинен сарпталды.

Баткен районунун «2013-жылдын мугалими» кароо сынагынын катышүчулары болгон 14 мугалим 7 күндүк  эс алү экскурсиясына катышып, Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылындагы улуттук илимдер академиясынын пансионатында эс алышүда. . Бул эс алүга керектелүчу акча каражаттын бир бөлүгүн областтык комитет, бир бөлүгүн райондук комитет жана бир бөлүгүн Айыл округдары толоп беришүдо.

Ошондой эле Кадамжай районунан 60, Кызыл-Кыя шаарынан 12 баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагалары үчүн да 7 күндүк эс алү уюштурулуп, Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылындагы улуттук илимдер академиясынын пансионатында эс алышүда.

 

 

Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Баткен областтык комитетинин

уюштурү иштери боюнча адиси                                      Д.Эгембердиева