Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим башаты-бала бакча

    Бала базар ата-эненин бактысы, бала бакча тарбиянын ачкычы демекчи, бала бакчаларда да окутуу, тарбиялоо иштери талапка ылайык жүргүзүлүүдө. Район боюнча 25  бала бакчада 1856  жаш жеткинчекти 161 тарбиячы, мугалимдер  окутуп,тарбиялап жатышат. Окутуу, тарбиялоо иши  менен  катар бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, таза суу киргизүү, көмөкчү чарбаны иштетүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

    Алсак, “Сезим”, “Куруучу” балдар бакчаларында  оюн залдары курулуп, Эсеналиев атындагы балдар бакчасы 7 млн сомго, Наристе балдар бакчасы 150 мин сомго, Ак-Тилек балдар бакчасы 350 мин сомго  капиталдык ремонттон ѳткѳрүлүп балдар үчүн ыңгайлуу, жакшы шарттар түзүлүүдѳ.