Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинде Брейн ринг интеллектуалдык акыл таймашы болуп өттү

Кыргыз  Республикасынын Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук комитетинин  жана Билим  жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Баткен  облустук комитетинин  иш  планына  ылайык    2019-жылдын 15-октябрь күнү Кадамжай районунун  №17  А.Масалиев   атындагы  орто мектебинин базасында Кадамжай районундагы  жалпы билим берүүчү уюмдардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ортосунда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитети тарабынан “Брейн Ринг” интеллектуалдык  акыл  таймаш оюну өткөрүлдү.

Акыл  таймаш  оюнуна Кадамжай  райондук  мамлекеттик администрациясынын  орун  басары   С.Мыйзамовна, Кадамжай  районунун   мэри Б.Бегалиев,  Халмион  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Бегматов, Ак-Турпак   айыл  өкмөтүнүн  башчысы  А.Төрөалиев, Кадамжай  райондук  билим  берүү   бөлүмүнүн  башчысы  Ж.Гайбуллаев,  Билим  берүү   бөлүмүнүн  кызматкерлери,  жалпы  мектеп  профкомдору   жана  окуучулардын  катышуусунда  өттү.

Бул таймашта Кадамжай  зоонасынан “Профсоюз нуру” командасы, Хайдаркан зоонасынан “Адилет коргоочулар” командасы, Марказ  зоонасынан “Ишеним”, Халмион зоонасынан «Ырыскы» командалары катышты. Таймаш профсоюздук кыймылды даңазалоо жана ага мотивация берүү боюнча музыкалык үй тапшырма менен башталды.  Таймаштын экинчи этабында катышуучуларга уюштуруучулар тарбынан даярдалган суроолор берилди. Суроолор Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин,  мыйзам актыларынын жана ар түрдүү жоболордун негизинде түзүлгөн.  Таймаштын катышуучулары иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жолдору боюнча терең билимдерге ээ экендиктерин көрсөтө алышты. Таймаш өтө курч атаандаштыкта жана кызыктуу мазмунда өттү.

Кыргыз  Республикасынын Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  комитети  тарабынан Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Кадамжай  райондук  комитетинин эсепчиси  У.Казыканова  жана  «Жийделик» толук  эмес  орто  мектебинин  төрайымы  төш  белги   сыйланышты. Ошондой  эле  Кадамжай  райондук   мамлекеттик  администрациясы   тарабынан  Билим  жана   илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай   райондук  комитетинин  төрагасы  А.Ю.Момошовго   Ыраазычылык  кат  тапшырылды.

Катышуучулардын билимдери жана алардын суроолорго берген жооптору калыстар тарабынан терең иликтенип жыйынтыктар чыгарылды. Натыйжада “Ырыскы” командасы I орунга, “Профсоюз  нуру” командасы II орунга, “Адилет  коргоочулар” жана  «Ишеним» командасы III орунга ээ болушуп, Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  Кадамжай райондук комитети тарабынан  I- II- III – даражадагы Диплом   жана  акчалай  сыйлыктар менен  сыйланышты.

Билим  жана  илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун   Кадамжай  райондук  комитети   тарабынан мыкты  өнөктөш  катары иш  алып  бара  жаткан Кадамжай  шаарынын   мэри Б.Бегалиевке,  Халмион  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Бегматовго  жана  Ак-Турпак   айыл  өкмөтүнүн  башчысы  А.Төрөалиевке    Ыраазычылык   каттар  тапшырылды.

Таймашта жеңүүчү болгон “Ырыскы” командасы “Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюз күнүнө” арналган Билим жана  илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук комитети тарабынан өткөрүлүүчү “Брейн Рингге” жолдомо алышты.

 

Маалыматты   даярдаган: 

билим  жана   илим  кызматкерлеринин

профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинин  уюштуруучу  адиси: Ф.Ажиева