Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов Баткен областында иш сапары менен болду

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Тоткогулов Асылбек токтогулович  2018-жылдын 17-18-апрель күндөрү Баткен областына болгон иш сапарында райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары менен жолугуп, жыйын өткөрдү.

Жыйынга Ош областтык профсоюз комитетинин төрагасы, Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары С.Тойгонбаев, Жалалабад областтык профсоюз комитетинин төрагасы А.Исмайлов, Жалалабад мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин төрагасы К.Болотбеков,  Баткен областтык профсоюздар кенешинин төрагасы А.Казаков,  Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Кызыл Кыя, Баткен, Сүлүктү шаарларынын төрагалары катышышты.

Жыйында Асылбек Токтогулович сөз сүйлөп Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерге кенири токтолду. Ошондой эле райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагаларына билим, илим профсоюзунун ишин активдештирүүдө баштапкы профсоюз комитеттери менен тыгыз иш алып барып, жер-жерлерде педагогикалык жамааттар менен жолугушууларды өткөрүү, көйгөйлүү маселелерди социалдык өнөктөштөр менен биргеликте жеринде өз мезгилинде чечүү тапшырмасын коюду.

Жыйындын жүрүшүндө район. Шаардык профсоюз комитеттери тарабынан  суроолор берилип, сунуштар айтылды.

Жыйынды жыйынтыктап жатып областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков  билим, илим кызматкерлеринин социалдык  укуктарын коргоодо райондук, шаардык профсоюз комитеттери менен биргеликте тиешелүү темаларда окутуу семинарлары өткөрүлүп жаткандыгын жана борбордук комитет тарабынан коюлган милдеттер тапшырмалар мындан ары да аткарыла тургандыгын баса белгиледи.

 

Уюштуруу, укук иштери боюнча адис                         К.Акимов