Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин адистери Баткен областында

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин  2019-жылдагы иш планына ылайык Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары О.Молдокматов, аппарат жетекчиси И.Афанасьева, Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова, башкы  укук жана техникалык инспектору Б.Кадыркулов, жаштар жана маалымат иштери боюнча бөлүм башчысы В.Бредихина  атайын түзүлгөн график боюнча 2019-жылдын 26-февралынан 28-февралына чейин Баткен областтык, райондук, шаардык профсоюз комитеттери тарабынан  КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин VI сьездинин жана пленумдарынын,  Баткен областтык комитетиинин президиумдарынын билим жана илим кызматкерлеринин социалдык жактан коргоо жана  колдоо, финансалык уюштуруу жана маалымат иштерин активдештирүү боюнча чечимдерин аткарууда жүргүзүлгөн иштери боюнча анализ жасашып, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү тажрыйбалар, уюштуруу иштери,билим берүү  кызматкерлеринин эмгек акыларынын жана эмгеке жарамсыздык баракчаларынын туура эсептелиши жана туура төлөнүшү, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүү, профсоюз комитеттеринде финансалык саясаттын абалы жана жолдомолордун туура таркатылышы, жаштар кенештеринин иштери, маалымат иштери жана баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрү каралып чыкты.

26-февралда Баткен областтык, Баткекн райондук жана Баткен шаардык профсоюз комитеттеринин, Баткен шаарынын В.И.Ленин, Ж.Боконбаев атындагы орто мектептери жана шаардык профсоюз комитеттери. Ошол эле күнү Баткен районунун Б.Нарматов, Ш.Токсонов, С.Эрматов атындагы орто мектептеринин профсоюз уюмдарынын жана мектеп жетекчиликтердин иш кагаздары менен таанышып кемчиликтер боюнча усулдук жардамдар берилди.

Ал эми 27-февралда Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин иштери жана Б.Айтматов атындагы орто мектеби, Жийделик толук эмес орто мектептеринин профсоюз уюмдарынын, мектеп жетекчилигинин иштери менен таанышышты.

Баткен областы боюнча райБББ, ШБББнын башкы эсепчилери, экономистери, мектеп жетекчилери жана профсоюз уюмдарынын төрагаларынын катышуусунда Кадамжай районундагы А.Масалиев атындагы орто мектебинин базасында окутуу семинары өткөрүлүп, анда Борбордук комитеттин адистери укуктук ченемдик актылар, эмгек акылардын эсептелиши боюнча маалымат беришти жана катышуучулардын суроолоруна түшүндүрмөлөрдү беришти. Семинардын жүрүшү Баткен областтык телевидениеси аркылуу көрсөтүлдү.

28-февраль күнү Кызыл Кыя шаарында билим берүү мекемелери жана профсоюз комитеттеринин иштери менен таанышып Баткен областындагы иш сапарын аякташты.

 

----------------------------------

Уюштуруу, укук иштери боюнча адис  

К.Акимов