Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы 2018-жылдын 10-октябрында Баткен шаарында өткөрүлдү.

            Конференциянын башталышында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2013-2018-жылдар аралыгында аткарылган иштери жөнүндө атайын даярдалган видео фильм көрсөтүлдү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов,  Ош, Жалал-Абад областтык профсоюз комитеттеринин төрагалары С.Тойгонбаев, А.Исмаилов, Ноокен райондук профсоюз комитетинин төрагасы К.Нышанов жана  Баткен областтык профсоюздар Кенешинин төрагасы А.Казаков областтык комитетин мүчөлөрү жана делегаттар   катышышты.

Конференциянын күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды;

            1.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2013-2018-жылдарда аткарган иштери боюнча отчету.

            2.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин текшерүү комиссиясынын 2013-2018-жылдарда аткарган иштери боюнча отчету.    

            3.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин жаны курамын бекитүү жөнүндө.

            4.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.

            5.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасын жана президиум мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.

            Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык конференциясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси боюнча областтык комитеттин төрагасы Бөтөков Завиридин Насирович доклад жасады.

            Күн тартибиндеги маселелер боюнча докладтар окулуп бүткөндөн кийин төмөнкү делегаттар сөз сүйлөштү.

1.Ганыбаев Мыркалидин -Кадамжай  райондук билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы социалдык өнөктөштүк боюнча,

  1. Халжигитов Сейит -Лейлек районунун Тайлан орто мектебинин профсоюз комитетинин төрагасы; “Баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө”
  2. Нурматова Рахиля -Сүлүктү шаарындагы №3 о.м профсоюз комитетинин төрайымы; “Областтык комитеттин алдындагы жаштар кенешинин ишмердүүлүгү жөнүндө”
  3. Масалиев Абдували -Баткен райондук профсоюз комитетинин укук коргоо жана эмгекти коргоо боююнча инспектору; “Эмгекти коргоо техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы жөнүндө”

5.Ташполотова Баргул –Кызыл-Кыя шаарындагы №13 жатак-мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы; “Кызыл Кыя шаарындагы профсоюз комитеттеринин иштери жөнүндө”

6.Калыкова Мактым -Баткен шаардык  профсоюз комитетинин төрайымы “Жамааттык келишимдердин негизинде билим берүү кызматкерлеринин укуктары жөнүндө”

7.Казаков Абдыганы Талбаевич -Баткен областтык профсоюздар Кенешинин төрагасы “Областтагы тармактык профсоюз комитеттеринин иштери жөнүндө” кенири сөз сүйлөшүп Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин аткарган иштерине канаатандырарлык деген бааларын, текшерүү комиссиясынын отчетун бекитүү жөнүндө сунуштарын айтышты.

Жыйынтыгында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин аткарган иштерине канаатандырарлык жана текшерүү комиссиясынын отчетун бекитилсин деген  токтомдор кабыл алынды.

            Областтык комитеттин, текшерүү комиссиясынын жана президиумдун жаны курамы токтом менен бекитилди.

            Областтык комитеттин курамынын мүчөлөрүнөн областтык комитеттин төрагалыгына бир добуштан Бөтөков Завиридин Насирович кайрадан шайланды.

 

. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович жыйынтыктоо сөзүндө Борбордук комитет тарабынан аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы милдеттер тууралуу кенири баяндама жасап, алдынкы профсоюз мүчөлөрүнө Борбордук комитеттин сыйлыктарын тапшырды.

            Конференциясынын жүрүшү Баткен областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясы аркылуу көрсөтүлдү.

           

Уюштуруу, укук иштери боюнча  адис                 К.Акимов.