Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине

2019-жылдын 13- мартында  Билим жана илим профсоюздарынын  кызматкерлер профсоюзунун  Нарын шаардык  жана  Нарын райондук комиттеринде профсоюз уюмдарынын   төрага, төрайымдары жана Нарын облустук экотехинспекциясынын бөлүм башчысы, НРББ, НШББ бөлүмүнүн экономистери менен бирдикте  семинар  өткөрүлдү.

Семинардын ачылышын профсоюздардын  Нарын облустук  Кеӊешинин төрагасы  Курманкожоев  Муканбеталы  Жунушалиевич    жана  Нарын шаардык профсоюздар комитетинин төрагасы  Качкымбаев   Токтогон Качкымбаевичдер  тарабынан   семинардын ачлышында сөз сүйлөштү.

Семинар II бөлуктөн болду .

I бөлүмүндө  «Социалдык өнөктөштүк, жамааатык келишимдер жана макулдашуулар» -деген темада болуп,  Нарын облустук профсоюздар кенешинин бөлүм башчысы  К.Рыскулова слайд аркылуу көрсөтүлүп жана тушундуруп берди. Андан соӊ семинардын катышуучулары  3 топко бөлүнүп, ар бир топко тапшырмалар берилип, алар презентация жазашты.  

Ал  эми  II бөлүгүндө  «Билим берүү мекемелеринде техникалык коопсуздук эрежелерин сактоодо профсоюз уюмунун ролу жөнүндө» -  деген темада профсоюздардын Нарын облустук комитетинин башкы  укуктук тех.  инсектору    Р.Иманалиева өттү.  Техникалык коопсуздук эрежелерин сактоодо профсоюз уюмдарынын ролун кенири тушундурмо берди. Семинарга эмгекти коргоо жана айлык акылар, женилдиктер боюнча    экотехинспекциясынын эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору  Жаныл    Чобиева  жана НРББ, НШББ бөлүмдөрүнүн  экономисттери катышып суроо –жооп ирээтинде кеӊири талкуу   болду.  Семинардын катышуучуларына  анкета таратылып, ар кандай темада  семинар өткөрүү  боюнча сунуштарын беришти.

  

 

 

Төрага:                                                                                    М. Ж. Курманкожоев