Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим Күнү майрамы белгиленди

“2018-жыл –Аймактарды өнүктүрүү” жылында айыл аймактарда билим берүү тармагында өзгөчо чөң өзгөрүүлөр болуп, билим күнүнө жакшы даярдыктар жана жетишкендиктер менен келишти.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда  3 тараптуу МАКУЛДАШУУлардын негизинде окуу-материалдык базаларды  чыңдоо жана эмгектенүү шарттарын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштер жургузулуп, жаңы окуу жылына даярдык иштерине жалпысынан 116 млн 858 миң сомдон артык каражаттар жумшалды.  

Райондун билим берүү тармагында билим күнүн жарык маанай жана жогорку даярдыкта тосуп алышты. Мектептерге “Билим күнү” салтанаттарына райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери, райБББнун, райКБКнын,райИББнун,жергиликтуу Кеңештердин депутаттары, айыл Өкмөтүнүн кызматкерлери катышып, мугалимдерди, окуучуларды майрам менен куттукташып, каалоо тилектерин билдиришти. Окуучулар тарабынын майрамдык концерттер тартууланды.

Масы айыл аймагындагы №29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто  мектебинде да майрам шаңдүү жана кызыктуу өттү. Меймандар тарабынан айтылган кутуктоолор,каалоо- тилектер жамаатыбызга күч- кубат жана дем берип, жаңы максаттарга шыктандырды.

Материалды даярдаган: №29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин профкому-Закирова Динара Хамиджановна, “2017-жылдын мыкты профкому” кароосунун жеңүүчүсү.