Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетине ыраазыбыз.

Ноокен районундагы  № 28  Ч. Айтматов атындагы орто мектеби райондогу  алдынкы  мектептердин  бири.   Жыл сайын бул мектептин мугалимдери жана окуучулары түрдүү конкурстарда жана олимпиадаларда алдынкы орундарды багындырып  келишет. 

2017-2018-окуу жылындагы жетишкен ийгиликтерин, эмгектерин баалап, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан №28 Ч. Айтматов атындагы мектебинин жамаатына  эс алуу  үчүн Ысык-Көлгө жолдонмо берилди. Бул мектептен 20 мугалим Ысык-Көлгө барып, көңүлдүү  эс алып келишти. Мугалимдердин эмгегин баалап, эс алууга шарт түзүп бергендиги үчүн  бул мектептин жалпы жамааты профсоюз жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришет.

Материалды даярдаган:
№ 28 Ч. Айтматов атындагы орто мектебинин профкому
Джаныбекова Наргиза