Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетине ыраазыбыз

2019-жыл 8-февраль күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин жыйынтыктоочу президиуму болуп өттү. Ал жыйынга Региондорунду өнүктүрүү жылына карата “Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы -2018" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да катышты.

Жыйынды обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктап баалуу белектерди тапшырды. Бул ийгиликке жетишибизге түздөн-түз социалдык өнөктөш катары бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң салым кошкон Шайдан  айыл аймагынын башчысы Ш.Алыкуловко, №3 “Мээрим” балдар бакчасынын башчысы Ч.Кушбаковага, андан сырткары өзүнүн кеп кеңештерин берип, усулдук жактан колдогон Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышановко ыраазычылык билдирем.

Бул кароо-сынакта адилеттүү, туура чечим чыгарып, эмгегибизди  баалаган Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаиловко  терең ыраазычылык билдирүү менен  бекем ден соолук, үй бүлөңүзгө тынчтык, аманчылык, профсоюздук ишмердүүлүгүңүздө жалаң гана ийгиликтерди каалайм.

 

 

№ 3 “Мээрим” балдар бакчасынын профкому,

“Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы -2018" кароо-сынагынын лауреаты

Назгүл  Момуналиева