Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомуна ыраазычылык билдиребиз

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин   Жалал-Абад  облустук  комитетинде билим  берүү  тармагында  үзүрлүү  эмгектенип  жатышкан  афганчы  жана  баткенчи  мугалимдер менен  жолугушуу өткөрүлдү.

Ноокен районунан биздин мектепте үзүрлүү эмгектенип жаткан, аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими, кадырлуу агайыбыз, Медербек Мамадалиев барып катышты.

Алгач обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов сөз сүйлөп, 15-февраль  афганчылардын  майрамы, 23-февраль Ата Мекенди  коргоочулардын  күнү   менен  куттуктады.

Төрага өз каалоо тилектерин айтып, Ардак грамота жана атайын  сыйлыктарын  тапшырды.

Иш чаранын жүрүшүндө афганчы, баткенчи жолдоштор сөз сүйлөшүп,  согуш  майданындагы окуялардан  айтып  беришти.

Обком тарабынан  көрсөтүлгөн   кадыр-сый  үчүн  ыраазычылыктарын айтып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун жетекчилиги тарабынан өз мүчөлөрүнө көрүлүп жаткан камкордуктарды жогору баалашып, аларга бекем ден-соолук, иштерине ийгиликтерди  каалашты.

Ноокен районунун №34 “Жазгак” орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун атынан Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаиловго ыраазычылык билдиребиз.

№34 “Жазгак”орто мектебинин профкому Г.Абдраимова