Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 5-Пленумунун маселелерин турмушка ашыруу” темасында райондук семинар өттү.

2018-жылдын 26-май күнү  Ноокен районуна караштуу № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинде “Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 5-Пленумунун маселелерин турмушка ашыруу” темасында баштапкы кесиптик уюмдун жетекчилеринин райондук семинары болуп өттү.

Анда  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, Ноокен рай КБКнын бухгалтери З. Алимбекова, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын  бухгалтери З. Кадырова,  темага байланыштуу маселелер боюнча түшүндурүү иштерин жүргүзүштү жана берилген суроолорго жооп беришти.

Семинардын жүрүшүндө

  1. Билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 5-Пленумунун  маселелери жөнүндө.
  2. Билим берүү кызматкерлерине  социалдык  камсыздандыруу каражаттарынын  төлөнүшүнүн  абалы  жөнүндө.
  3. Баштапкы кесиптик уюмдардын иш кагаздарынын номенклатурасы.
  4. Билим берүү мекемелеринде  эмгекти  коргоо  жана  коопсуздук чараларынын аткарылышынын  абалы.
  5. Жамааттык келишим, Үч тараптуу келишимдердин түзүлүшү, аткарылышы жөнүндө.
  6. Электрондук почта, сайттар, WhatsApp  менен иштөө жөнүндө маселелер каралып, талкуу жүргүзүлдү.

Семинарга жалпысынан 96 баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилери, коомдук тескөөчүлөр, Жаштар кеңешинин мүчөлөрү катышышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров