Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим дүйнөсүндөгү саябандуу чыгармачылык-кызматташтык кербени

Ысык-Көл областынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында тажрыйба алмашуу, чыгармачылык менен иштеген бала бакча директорлорунун, тарбиячылардын окутуу-тарбиялоо иштери менен таанышуу, чыгармачылык менен жасалган буюмдардын көргөзмөсүн уюштуруу максатында район, шаарлардагы бала бакчалардын арасында «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгармачылык-кызматташтык кербени» аттуу кароо-сынагы өткөрүлүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Ак-Суу районунун бала бакчалары бул саамалыкты башташы, Жети-Өгүз районуна эстафетаны өткөрүп беришкен эле. 23-ноябрда Жети-Өгүз районундагы бала бакчалар арасында ушул кароо-сынак өткөрүлдү. Бул кароо-сынакка Жети-Өгүз районундагы бардык он беш мектепке чейинки билим берүү уюмдары толук катышып, иш пландардын аткарылышы, директордун жана тарбиячылардын иш-тажрыйбасынын жайылтылышы, дидактикалык жомоктор көргөзмөсү, долбоор тартуу, чыгармачылык менен жасалган дидактикалык буюмдардын көргөзмөсү, ата-энелер жана коомчулук менен иштөө, автордук программалар жана аларды жактоо, бала бакчалардын заманбап технологиялар менен жабдылышы жана алар менен иш алып баруусу, тарбиялануучулардын физикалык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө шарттардын түзүлүшү жана пайдаланышы, тарбиялануучуларды адеп-ахлактык билим берүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо багытындагы иш аракеттери боюнча ат салышышты.

Кароо-сынакка областтык профсоюз кыймылын уюштуруучусу Ө.Молдокматов,  областтык билим берүү институтунан Э.Узакова,  Ш.Асанбекова , райондук мамлекеттик  админстрациядан  Б.Байбосунова,  РБББнүн башчысы М.Асанкожоев, райондук аялдар комитетинин башчысы-депутат К.Чыныбаевалар калыстык кылышты. Кароо-сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, бала бакчалар арасында иш боюнча атаандаштык орун алып, жыйынтыгында жогорудагы көрсөтүлгөн критерийлерге төп келип, калыстардын элегинен эленип, баш байгени Жаргылчак айыл аймагындагы Ак-Терек айылында жайгашкан Сейталиева Айна атындагы «Алтын уя» мектепке чейинки билим берүү уюму жеңип алды. Ал эми 1-орунду Тосор айылында жайгашкан «Бугу эне» бала бакчасы менен Даркан айылындагы «Сезим» бала бакчалары ээлеп, областтык турга жолдомо алышты. 2-орунду Оргочор айылындагы «Керемет» мектепке чейинки билим берүү уюму менен Аң-Өстөн айылындагы Алымбекова Күлүйпа атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары, 3-орунга Саруу айылындагы «Нур», Барскоон айылындагы «Барскоон», Кызыл-Суу айылындагы «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмдары ээ болушту. Ошондой эле калган бала бакчалардын арасында «Мыкты жетекчи», «Мыкты тарбиячы», «Мыкты медайым», «Үлгүлүү бала бакча» ж.б. номинациялары ыйгарылды. Бул   иш-чарада Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин  «Ардак Грамоьалары»   жана сыйлыктары тапшырылды.

Кербен жүрүш Жети-Өгүз районунан Ысык-Көл районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарына эстафета катары өткөрүлүп берилди. Чыгармачылык-кызматташтык кербенине катышуучулар, көрүүчү болуп келген билим берүү кызматкерлери өздөрүнүн педагогикалык куржунун эң мыкты дидактикалык жана методикалык жардамдар менен байытып, иш тажрыйбалар менен бөлүшүп кетишишти.

 

Маалыматты даярдаган:  райондук билим берүү бөүлүмүнүн башкы адиси Б.Турдалиева