Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүүнүн ардагерлери сыйланды

12-ноябрда Ноокен районундагы Шайдан айылындагы №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин жыйынтыктоочу семинары болуп өттү.

Ага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ишенбеков, Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркулов, ардагер мугалимдер, “Мыкты жамааттык келишим. Үч тараптуу макулдашуу” кароо-сынагынын райондук этабынын жеңүүчүлөрү, мектеп жана балдар бакчаларынын кесиптик уюмунун жетекчилери катышты.

Иш-чараны кесиптик бирликтин Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов ачып, 2021-жылда аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди.

Райондун акими Т.Ишенбеков сөз сүйлөп, профсоюз – бул чоң күч, кызматкерлердин таянычы экенин баса белгилеп, райондук билим берүү бөлүмү менен райондук комитеттин биргеликте, ынтымакта аткарып жаткан алгылыктуу иштерин мыкты деп баалады.

Ноокен районунун билим берүү тармагында көп жылдар үзүрлүү эмгектенген ардагер мугалимдерге Ноокен райондук “Билим берүүнүн ардегери” төш белигиси ыйгарылды. Билим берүүдө үзүрлүү эмгеги жана мугалимдердин социалдык-экономикалык маселелеринин чечилишинде зор салым кошкон билим берүү кызматкерлери Жалал-Абад обкомунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.

“Мыкты жамааттык келишим. Үч тараптуу макулдашуу” кароо-сынагынын райондук турунун жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

Иш-чара №31 Татыкулов атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров