Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Билим берүүнү санариптештирүү, мамлекетти өнүктүрүүнүн жаны этабы”

“Билим берүүнү санариптештирүү, мамлекетти өнүктүрүүнүн жаны этабы”

 

“Билим берүүнү санариптештирүү, мамлекетти өнүктүрүүнүн жаны этабы”

25-август 2020-жылы Кемин райондук билим берүү бөлүмү “Билим берүүнү санариптештирүү, мамлекетти өнүктүрүүнүн жаны этабы” аттуу темада мугалимдердин август конференциясы болуп өттү. Конференцияга Кемин райондук мамлекеттик админстрация башчысынын орун басары А.З. Курманалиева жана Чүй облусттук усулдук билим берүү борборунун кызматкери Абдыраева Кундуз Мукашевна, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Тулебаева жана Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева катышты.

Август кеңешмесинин максаты: 2019-2020-окуу жылында аткарылган иштерге талдоо жүргүзүү жана 2020-2021-окуу жылына карата милдеттерди кабыл алуу.

Кеңешмеде 2019-2020-окуу жылындагы аткарылган иштер боюнча билим берүү бөлүмүнүн башчысыА.А.Тулебаева кеңири маалымат берди. Окуу процессиндеги жетишкендиктер, бул Республикалык олимпиадада байгелүү 3(үч) орунду камсыздасак, “Алтын тамга” тестирлөөсүндө жетишерлик упай топтоп Артыкчылык аттестатына 1(бир) окуучубуз татыктуу болду. ЖРТдө эң жогорку 198 упайга ээ болдук, бирок, бул жогорку көрсөткүч болбош керек. Ошону менен катар эле кемчиликтерге да токтолуп кетти, ЖРТнын жыйынтыгы менен “Алтын сертификатка” ээ болууга жетишүүбүз зарыл. Артыкчылык аттестатына ээ болуу көрсөткүчтөрүк жогорулатуубуз керек. 2020-2021-окуу жылында мыкты ийгиликтерди жаратабыз деген ишеничин көрсөттү.

Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева райондогу билим берүү мекемелеринде иштеген жалпы жааматты окуу жылынын башталышы менен куттуктады.Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу”, Билим берүү мыйзамдарында каралган мугалимдерди социалдык жактан коргогон беренелердин ишке ашырылышына көмөк көрсөткөн айыл өкмөтүнүн башчыларына, шаардык мэрлерге өзгөчө Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаров, Кемин шаарынын мэри С.Досов, айыл өкмөт башчылары Т.Ибраимовго жана Э.Макеевге терең ыраазычылык билдирди.

Кемин районундагы билим берүү бөлүмүнүн методисти А.Б.Шопокова.