Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абал облустук комитетинин Таш-Көмүр шаарындагы көчмө семинары

Көчмө семинары Таш-Көмүр шаарында пландаштырылып 2018-жылдын 30-ноябрында өткөрүлдү. Семинардын негизги темасы: "Баштапкы профсоюздук уюмдардын ишмердүүлугун уюштуруу" болду. Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илм кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмдары семинарга толук чакырылып, көчмө семинардын программасындагы негизги темалар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алгач семинардын ачылышы  КРнын мамлекттик гимни менен башталып №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучулары жана №1 "Мишутка" бала бакчасынын жогорку тайпасынын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерт менен башталды. Семинардын ачылышы  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин, Жалал-Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов жүргүзүлуп жаткан иштери боюнча маалымат берүү менен "Баштапкы профсоюздук уюмдардын ишмердүүлүгун уюштуруу" темасында слайддын коштоосунда  айтып берди.

Профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Э.Ж.Эгизалиева аткарылган иштери жөнүндө жалпы маалымат берип өттү. Ошондой эле №3 Тоголок молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профкомунун төрайымы жаш профком катары жана  №1 "Мишутка" бала бакчасынын профкомунун төрайымы тажрыйбалуу  профком катары өздөрүнүн иш-тажрыйбалары менен бөлүштү.

"Баштапкы профсоюз уюмдарында укук жана эмгекти коргоо иштерин уюштуруу" темасында Обкомдун инспектору А.Ч.Айдаров кеңири баяндап берди. Ошондой эле "Профсоюздук уюмдардын финансылык иштерин уюштуруу" темасынын алкагында Обкомдун финансы бөлүмүнүн башчысы З.Б.Сулайманов түшүнүк берди. Семинардын аягында эркин микрофон берилип, профсоюз умдарынын  башчылары өздөрүн кызыктырган маселелрге жана проблемалуу суроолорго жоопторду ала алышты. Катышуучулар семинар боюнча ой-пикирлерин айтышып, сунуштарын беришти. Бул семинарда Аксы районунун профсоюз уюмунун төрагасы С,Камчыбеков дагы катышып өз иш-тажрыйбасы менен бөлүшүп кетти. Бул семинар абдан жемиштүү болуп, катышуучулар усулдук жардамдары, колдонмо китептерди, таркатмаларды алышып, ыраазычылыктарын билдирип кайтышты. Семинарлардын көбүрөөк болушун каалашып, тажрыйба алмашуу натыйжалуу болорун баса белгилешти.

Элмира Эгизалиева