Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин I пленуму өттү

Билим берүү жана илим кызмткерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин I пленуму 15-март күну 27 пленум мүчөсүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Пленумдун күн тартибинде  «Билим берүү кызматкерлеринин укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү  жана турмушка ашырууда аткарылган иштери  жөнүндөгү»  маселе каралды.

Пленумдун аралыгына чейин жүргүзүлгөн иштер жөнүндө райкомдун  төрагасы З.Ажыбаев  баяндама жасады.     

Жарыш сөзгө чыккандар учурда билим берүү кызматкерлеринин айлык  маяналары башка тармактагыларга салыштырмалуу төмөн экендигин, райондогу 5 айыл өкмөтү дотацияда болгондуктан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» жана “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамында каралган жеңилдиктерди  Республикалык бюджетке которуу маселесинин зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары борбордон алыскы тоолуу район экенин эске алуу менен билим берүү кызматкерлерине жеңилдиктерди  кароо  жөнүндө маселе да козголду.      

I Пленумдун баяндамасы боюнча чыгып сүйлөгөн жолдоштор пленумдар аралыгында райондук комитети тарабынан аткарылган иштерге оӊ баа беришти.

Баяндамадан тышкары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев үч тапраптуу макулдашуулардын негизинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири мааламат берип өттү. Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси С.Садыков, №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебинин директорунун орун басары Б.Сооданбекова жана баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары А.Борончиева, Ф.Абдрасулова, төрагасы М.Каамытов, ж.б пленумдун ишин өркүндөтүү боюнча өздөрүнүн  ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Айтылган  сунуштарга жана ой-пикирлерге, жалпы эле пленумда каралган маселе боюнча райком тарабынан  иш-чара кабыл алына тургандыгы белгиленди. Пленумдун  соӊунда токтомдун долбоору алымча, кошумчалар менен кабыл алынды.

 

   Тогуз-Торо райком профсоюзу