Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети жыйынтыктоочу Президиумун онлайн өткөрдү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети жыйынтыктоочу Президиумун онлайн өткөрдү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун кезектеги Президиуму кырдаалга жараша онлайн тартибинде өттү.Атайын уюштурулган Прездиумда каралуучу маселелер алдын ала тааныштырылып,чакырылган Прездиумдун мүчөлөрүнүн ой пикирлери угулду.Бул Президиумда төмөнкүдөй маселелер каралды:

1.Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун СОVID-19 илдетинин таралышына байланыштуу республикада түзүлгөн санитардык-эпидемологиялык абал учурундагы шаардык комитеттин милдеттери,максаттары жана аткарган иштеринин натыйжасы.

2. “Кыргыз республикасынын билимберүү жана илим кызматкерлернин профсоюзунун VII съездинин милдеттерин аткаруу боюнча иш-чаралардын пландарын” бекитүү

3.Профсоюз уюмунун мүчөлөрүнө эс алуу боюнча жолдомолордун туура бөлүнүшүнүн абалы.

4.Профсоюз уюмунун ишмердүүлүгүнө кошкон салымы боюнча сыйлыктарга көрсөтүү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети СОVID-19 илдетинин таралышы менен аралыктан иштөө формасына өткөн. Ошого карабастан карантин учурунда бир топ иштер аткарылды.Бардык аткарылуучу иштер электрондук формага өттү.

Бул оор кырдаалда шаардык комитет тарабынан “Кесиптештерди колдойбуз”акциясында турмуш шарты оор кызматкерлерге акчалай жана материалдык жардамдар көрсөтүлгөндүгү жөнүндө толук маалымат берилди.

Ал эми “Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлернин профсоюзунун VII съездинин милдеттерин аткаруу боюнча иш-чаралардын пландарын” баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдарына тааныштырылып,электрондук варианттары жеткирилди.

Ошондой эле жыл жыйынтыгын чыгаруу менен бирге профсоюз уюмунун ишмердүүлүгүнө өздөрүнүн салымын кошкон төрайымдарды жогорку сыйлыктарга көрсөтүү маселеси талкууланды.Онлайн Президиумду жыйынтыктап,катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева