Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин мүчөлөрүнүн аралыктан окутуу учурундагы иш аракеттери.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин мүчөлөрүнүн аралыктан окутуу учурундагы иш аракеттери.

Азыркы дүйнө жүзүндө түзүлгөн кыйын кырдаалда коомдогу мугалимдердин ролу абдан чоң жана жоопкерчиликтүү экени далилденди.Аралыктан окутуу учурунда мугалимдердин иши токтоп калбай,тескерисинче күжүрмөндүк менен эмгектенип жатышат.Анткени мугалимдер өздөрунүн кесипкөйлүгүн көрсөтө алышты.Аралыктан окутуу учуру башталгандан баштап бардык иш аракеттер онлайн форматка өтүп,видео-сабактар,онлайн кеңешмелер байма-бай өткөрүлүп жатты.Ошондой эле мугалимдер өз билимдерин өркүндөтүү боюнча вебинар-сабактарга,онлайн курстарга катыша башташты.Ал эми окуучулар онлайн олимпиадага катышышып көптөгон ийгиликтерди жарата алышты. Мугалимдердин аралыктан жүргүзүлгөн иштери мактоого жана колдоого татыктуу.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата онлайнсабактар,флешмобдор,конкурстар өткөрүлдү.Таш-Көмүр шаарына караштуу №12 А.С Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы З.Бабатаева кесиптештери менен биргеликте эс алуу паркындагы “Белгисиз солдат”эстелигине гүл чамбар коюп кайтты.Мамлекетибиздин башына түшкөн кыйын кырдаалда ынтымакты,биримдикти,жоопкерчиликти камсыздоо иретинде ата-энелерге,окуучуларга видео-чакырыктарды жөнөтүшүп,өз салымдарын кошо алышты.№6 Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жамааты сабырдуулукка,тазалыкка чакырган вилео-ролик даярдап,социалдык тармактарга чыгарышты.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева