Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети

Өнөктөштүк – максаттуу жумуштар!

    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети учурдагы кырдаалга карабастан социалдык өнөктөштөр менен иш алып барууда.

    Эске салсак Республика аймагында таажы вирусунун (Коронавирустун) жайылуусуна бөгөт коюлуп, карантин жарыялангандан кийин профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан аз камсыз болгон, жардамга муктаж 46 кызматкерге гуманитардык жардам берилген.

     Эми шааркомдун төрагасы К.Акунов Жалал-Абад шаарынын аймактык башкарууларынын (управаларынын) башчылары менен биргеликте иш алып барып 10дон ашуун билим берүү кызматкерлерине жергиликтүү бийлик тарабынан гуманитардык жардам берилип, жакынкы күндөрү 150 кызматкерге жардам берилери күтүлүүдө.

 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад ШКБКнын Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков 29.04.2020-жыл.