Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн семинар өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан чыгарылган «Билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо иштерин уюштуруу боюнча сунуштаманын» негизинде жалпы билим берүүчү мектептердин директорлору үчүн райондук семинар өткөрүлдү.

Райондук семинарда Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин техникалык инспектору М.Примкулов билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук иштерин уюштуруу жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди.

Андан кийин аталган тема боюнча семинардын катышуучуларын топторго бөлүп тренерлер А.Атамбаева жана Л.Бабаева тренинг өткөрүштү.

Семинардын жыйынтыгында Билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча иштерди уюштурууда мектеп директорлору аткара турган милдеттер аныкталып,бул иштер боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү аларга милдеттендирилди.

Райондук семинардын ишине райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов жана Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун төрагасы А.Орозалиев катышты.

 

Маалыматты даярдаган Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун кызматкеркери М.Примкулов.